Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:09

Килюнен: Өзбек жикчилдеринен акча алган эмесмин


Июнь коогасын иликтөөгө алган эл аралык комиссия төрагасы Киммо Килюнен “өзбек жикчилдеринен акча алган” деген маалыматты төгүнгө чыгарды. “Азаттыкка” Килюнен: “Бул жөн эле тамаша го. Туура эмес айтып жатышат. Мен Өзбекстандан, же дагы бир башка жактан акча алган эмесмин. Комиссия катчылыгында мага ишим боюнча кандайдыр бир компенсация төлөшкөн”,-деп билдирди.

Кечээ парламент жыйынында “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Финляндия гезиттерине шилтеме берип, Килюнен өзбек жикчилдеринен акча алганы тууралуу маалымат бар экендигин айткан эле. Эл аралык комиссия курамына кирген жети адамдын бирөөсү гана улут аралык мамилер боюнча адис экенин айткан депутат, бул боюнча комиссия түзүү демилгесин көтөргөн. Иманалиев эл аралык комиссия корутундусуна парламент өз позициясын билдириши керектигин белгилеп, бул комиссиянын “июнь коогасында адамзатка каршы кылмыш фактылары болгон” – деген бүтүмүнө теригип, терминди чечмелеп берүү өтүнүчү менен Баш прокуратура жана Жогорку Сот өкүлдөрүнө кайрылды.

Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссия ишинин корутундусун 3-майда Бишкекте жарыялаган. Комиссия төрагасы Киммо Килюнен июнь коогалаңы аскердик кылмыш же геноцид эмес деп, бирок анда адамгерчиликке каршы кылмыш фактылары орун алганын билдирген. (EK)

XS
SM
MD
LG