Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Жогорку Кеңешке Отунбаева менен Атамбаев чакырылды


Жогорку Кеңеш июнь коогасы боюнча депутаттык комиссия бүтүмүн талкуулоону баштады. Ага убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жана шаар жетекчилери катышууда. Депутаттар коога боюнча депутаттык комиссия бүтүмүн талкуулоого президент Роза Отунбаева менен өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин келишин сурашты. Учурда депутаттык комиссия төрагасы, депутат Токон Мамытов баяндама жасоодо.

Өткөн жумада бул маселе боюнча Жогорку Кеңештеги жыйын жылдырылган болчу. Буга депутаттык комиссиянын үчкө бөлүнүп, үч корутунду чыгарганы себеп болгон. Аларга бир бүтүмгө келүүгө бир апта убакыт берилген.

Депутаттык комиссия парламенттин алгачкы жыйынында түзүлгөн жана ага ар бир фракциядан бештен өкүл кирген. Июнь коогалаңы тууралуу жакында эле эл аралык комиссиянын корутундусу жарыяланган. Ага чейин бул кандуу калабаны Улуттук комиссия иликтеп чыккан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG