Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

Максимдин жөөкөрү кармалганы кабарланууда


Апрель окуяларынан кийин бийликтен кеткен Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жан-жөөкөрү делген, мурдагы “Азия Универсал Банктын” топ-менеджери Сергей Костюк кармалды. Бул маалыматты Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Костюктан башка былтыркы апрель жана июнь окуяларына күнөөсү бар деп шектелген дагы эки адам колго түштү.

Алар орусиялык жана кыргызстандык укук коргоо органдарынын биргелешкен операциясында Москва шаарында кармалган. Маалыматка ылайык, Сергей Костюк Кыргызстандагы бир катар объекттерди рейдерлик жол менен басып алууга көмөктөшкөн деп шектелип, издөөдө жүргөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG