Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:46

Орусиядан Кыргызстанга 6,5 миң тонна бензин келе жатат


Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Aи-92-93-95- үлгүдөгү бул бензиндер он күндүн ичинде Кыргызстанга келет:

- Азыр бул партия жолдо келе жатат. Алардын бардыгынын акчасы төлөнгөн. Бейшемби күндөн баштап келе баштайт. Бул болсо сентябрга чейин жетет, - деди Акенеев.

Маалыматка ылайык, бул бензиндер Орусиянын Салават, Казань жана Астрахань шаарларынан келе жатат. Алардын алгачкы партиясы Кыргызстанга келгенден кийин эле бензинге болгон чектөөлөр алынмакчы.

Кыргызстанга буга чейин бензин алып келген Омск нефт иштетүүчү ишканасы Казакстандын сунушу менен бензин берүүнү токтоткон. Натыйжада бензиндин айрым түрлөрүнө 15-20 литрдик чектөө киргизилген болчу. Учурда бул завод менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG