Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

7-апрель окуясы боюнча сот иши уланды


Бүгүн 7-апрель окуясы боюнча сот ишинде айыпталып жаткан 14 адам мамлекеттик айыптоочуларга жана ал окуяларда жакындарын жоготкондордун жактоочуларына сурак берди. Бул боюнча кийинки соттук отурум 1-августка белгиленди. Сотко судья Дамир Оңолбеков төрагалык кылууда.

7-апрель окуясы боюнча сот иши боюнча 28 адам айыпталып жатат, алардын алтоосу Кыргызстандан тыш жерде издөөгө салынгандыктын сыртынан өкүм угузулат.

Отурумда коопсуздукту сактоо үчүн бардык чаралар көрүлүп, сотко катыша турган адамдар тизме менен киргизилип чыгарылууда. Ошондой эле сотко эл аралык, бейөкмөт жана чет элдик медиа уюмдарынан өкүлдөр байкоо салууда. (EK)

XS
SM
MD
LG