Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:05

Саид Умар токмоктолгон ишкер тууралуу билдирүү таратты


Кыргызстандагы Ооган диаспорасынын лидери Саид Умар 27-июлда күндүзгү саат 11лер чамасында түбү ооганстандык, Кыргызстандын жараны ишкер Гулаб Шах Мухаммад Акбардын токмоктолушу боюнча маалымат каражаттарына билдирүү таратты. Саид Умар Гулабдын ишкер болбогонун айтып, мамлекеттик “Темир” ишканасына каршы маалыматтык согуш жарыялап, "интрига түзүп жатканына" тынчсызданган.

Билдирүүдө "Гулаб Шах Мухаммад Акбар өзүн ишкермин деп атап туулган жеринде, Араб Эмирликтеринде, Дубай жана Иранда бир топ ооган улутундагылардан 200 миң доллардан 400 миң долларга чейин акча алып, али күнчө бере элек, анын токмоктолушу ошол акчаларды бербөө амалында атайын алдын ала даярдалган чагымчыл акция болушу ыктымал" деп жазылган. Саид Умар "Гулабдын мындай кадамдары Кыргызстандагы башка улутташтарына көлөкө түшүрөрүн" белгилеген.

27-июлда күндүзгү саат 11лер чамасында ишкер Гулаб Шах Мухаммад Акбар үйүнө кирип баратканда ага белгисиз эки адам кол салган. Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча 168-берененин (каракчылык) негизинде кылмыш ишин козгогон. Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар ишкердин документтер салынган портфелин алып кетишкен.

Учурда Республикалык оорукананын нейротравматология бөлүмүндө дарыланып жаткан Гулаб Шах Мухаммад Акбар токмоктолушун “Темир” ишканасынын жетекчилиги тарабынан жасалган буйрутма деп баалап жатканын “Азаттыкка” билдирген болчу.

“Темир” мамлекеттик ишканасынын директору Улукбек Абдумомунов муну куру жалаа, доомат катары баалап, Гулаб Шах Мухаммад Акбардын мурда эле таза эмес бизнес жасаганын, ошол себептүү ортодо келишим үзүлгөнүн айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG