Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

7-апрелде жабыркагандардын 12си көз жумду


Бул тууралуу “Азаттыкка” апрель окуясында жабыркагандардын жактоочусу Осунбек Жамансариев кабарлады. Маалыматка ылайык, 2010-жылы 7-апрелде 306 адам жараат алып, 87 адам набыт болгон. Соңку убактарда жабыркагандардын 12 көз жумду. Алардын бирөө 48 жаштагы Темирбек Өмүров 1-августта каза болсо, дагы бири, 34 жаштагы Азиз Дүйшөналиев жараатынан жакшы боло албай 1-июлда көз жумган.

2010-жылы 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 80ден ашуун адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң буга байланыштуу мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 аткаминерге жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө кылмыш иши козголгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG