Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Тогуз-Тородо жубайын өлтүргөн адам 19 жылга кесилди


Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо райондук соту Чолпон аттуу жубайын 12 жолу бычак уруп өлтүргөн Нурлан Алмамбетовду 19 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында маркумдун эжеси Забила Матаева билдирди.

Окуя ушул жылдын 12-майында болгон. Матаева бул окуяга байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча сот создуктурулуп отуруп, маалымат жыйыны уюштуруу тууралуу кабар тараганда гана сот чечими чыкканын билдирет.

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын маалыматы боюнча, Балыкчыда буга чейин да бир адам жубайын атып өлтүрүп салган. Бирок тартип коргоо кызматкерлери жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу уюмдары бул окуялар боюнча эч кандай чара көргөн эмес.

Матаева аялдар укуктарын коргоого алган уюм жетекчилери менен бирге үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы чара көрүү өтүнүчү менен президент жана өкмөт башчыга кайрылды. (EK)

XS
SM
MD
LG