Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Жол буугандар өкмөт башчы келсин деп жатышат


Бишкек четиндеги чоң жолду бууган Ак-Жар конушунун тургундары өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин келишин талап кылышууда. Окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, чогулгандар Атамбаев келбесе жолду тосуу улана берерин билдирүүдө. Бишкек четиндеги чоң жол тосулгандыктан автоунаа айдоочулары артка кайтууга мажбур болушууда.

Нааразылык акциясына чогулган 200дөй тургун өкмөттөн жер тилкелери боюнча чечим чыгарып, электр зымдарын чоюп берүүнү талап кылышууда.

Акжарлыктар ушул эле талабы менен буга чейин бир нече ирээт нааразылык акцияларына чыгышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG