Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:41

Өкмөт башчы Бишкек мэри менен Чүй губернаторуна сөгүш берди


Ак-Жар жаңы конушундагы маселени убагында чечпегени үчүн өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Бишкек мэри Иса Өмүркулов менен Чүй облусунун губернатору Айбек Азыранкуловго сөгүш жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт аппаратынын Маалымат саясаты боюнча бөлүмүнүн башчысы Кадыр Токтогулов билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Атамбаев сөгүш алган бийлик өкүлдөрүнө эки күндүк мөөнөт берип, конуштагы маселелерди чечүүнү талап кылды. Ошондой эле мындан ары Бишкек четиндеги конуштарды жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ак-Жар конушун Бишкек шаарына өткөрүү тапшырмасы ушул жылдын башында эле берилген. Бирок бул тапшырма аткарылган эмес.

Кечээ акжарлыктар суу, жарык, жер маселесин чечүү талабы менен нааразылыкка чыгып, Бишкек четиндеги чоң жолду бууп салышкан. Мындай нааразылык бүгүн да уланган.

Түштөн кийин Бишкек мэри акжарлыктар менен жолугуп, конуш Бишкек шаарынын карамагына өтөрүн билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG