Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:27

Ошто Алишер Саиповдун иниси сабалды


10-августта кечке жуук Алишер Саиповдун иниси, 26 жаштагы Шахрух Саиповду белгисиз адамдар сабап кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда Шахрух Саипов Ош шаардык ооруканасында дарыланууда. Ал азырынча милиция кызматкерлери менен кызматташуудан баш тартууда.

“Бүгүн атасы арыз жазды. “Ээнбаштык” боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш каттоо китебине катталып, азыр иликтөө иштери жүрүп жатат. Ал Алишер Саиповдун иниси экендигин ооруканага түшкөндө билдик”,-деди Замир Сыдыков.

Шахрух Саиповдун сабалганын анын атасы Авас Саипов да “Азаттыкка” тастыктады.

Азырынча Саиповду кимдер, эмне үчүн ур-токмокко алганы тактала элек. Айрым маалыматтар боюнча Шахрух Саиповдун өзүнүн маалымат сайты бар болчу.

Шахрух Саиповдун бир тууганы, Ош шаарында өзбек тилинде чыгып турган “Саясат” гезитинин редактору Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда атып кетишкен. Анын өлүмүн атасы кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG