Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

Жаштар тобу Йылмазды экстрадициялоону талап кылышты


Бүгүн бир катар жаштар уюмдарынан турган топ түрк жаранынан зомбулук көрдү делген Чолпон Орузбаеванын таламын талашып, Түркиянын жана Казакстандын Бишкектеги элчиликтеринин алдында тынчтык митингин өткөрүштү.

Акцияны уюштуруучусу, “Кыргызстан жаштар кеңеши” коомдук уюмунун жетекчиси Улан Эсенкожоевдин “Азаттыкка” билдиришинче, алар сабалган кызга компенсация төлөтүүнү, аны сабады делген түрк жараны Гүнеш Йылмазды Кыргызстанга алып келүүнү жана Йылмаздын баш коргоо чарасын өзгөрткөн судьяларды сот жообуна тартууну өтүнүштү. Мындай талаптарды аткарууга көмөктөшүү өтүнүчүн элчиликтердин өкүлдөрүнө тапшырышты.

Апрель айында “Бета Сторес” дүкөнүнүн кызматкери Гүнеш Йылмаз аттуу түрк жараны сатуучу кыз Чолпон Орузбаеваны сабап салганы тууралуу кабарланган. Натыйжада кылмыш иши козголуп, бул ишти караган Биринчи май райондук соту Түркиянын жаранын 2 айга чейин убактылуу тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган. Бирок Гүнеш Йылмаздын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна кайрылып, жыйынтыгында ал өлкөдөн чыгып кетпөө кепилдиги менен коё берилген. Июнда Йылмаз кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз өтүп бара жатканда Казакстан тартип коргоо органдары тарабынан кармалган. Учурда Казакстанда камакта отурган Йылмаз Чолпон Орузбаевага карата эч кандай күч колдонбогонун буга чейин “Азаттыкка” билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG