Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Орусияда Көлбаевдин жан-жөкөрү кармалды


Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү делген Камчы Көлбаевдин уюшма тобунун бир мүчөсү 34 жаштагы Казбек Билалов Орусиянын Москва облусунда кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Адыл Оморов билдирди. Анын айтымында, Көлбаевдин жан-жөкөрү делген адам Москва облусундагы Зеленоград шаарындагы бир санаторийде колго түшүрүлгөн. Аны кармоо үчүн кыргыз-орус укук коргоо кызматкерлери биргелешкен атайын операция уюштурулган. Кармалган Билаловго буга чейин “талап-тоноду” деген кине кылмыш иши козголуп, ага издөө жарыяланган. Билаловдун бул жагдай боюнча пикири белгисиз. Азыр аны экстрадициялоо маселеси каралууда.

Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн анабаштары делген Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов Бириккен Араб Эмирлигинде "зергер дүкөнүн тоноду" деген шек менен июль айында колго түшүрүлгөн. Башкы прокуратура бул адамдарды экстрадициялоонун амалы бар экендигин билдирип келет.

Кыргызстанда ушул жылдын алты айында уюшма кылмыштуу топтун өкүлдөрү делген 175 адам кармалган. (KKs)

XS
SM
MD
LG