Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Жумгал-Ата конушунун тургундары митингге чыкты


Лебединовка айылынын чеке белиндеги Жумгал-Ата жаңы конушунун жыйырмадан ашык тургуну өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Алар өкмөттөн аталган конуштагы жашоо шарттарын жакшыртуу: суу, жарык киргизүү, жолдорду оңдоп берүү талаптарын коюшууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” митингге чыккандардын бири Даут Шайдинов билдирди. Анын айтымында, азырынча бийлик тараптан митингчилерге эч ким чыга элек. Митингчилер алардын арыздарына кулак салынбаса, аргасыздыктан жол тосууга бараарын айтышууда.

Буга чейин ушундай эле талаптар менен митингге Мурас-Ордо, Ак-Жар, Ак-Ордо конуштарынын тургундары да чыккан.( EK)

XS
SM
MD
LG