Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:07

Ош: абакта ажал тапкан адам кыйноого кабылганы айтылууда


Ош шаарындагы убактылуу тергөө абагында жаткан өзбек тектүү, 63 жаштагы Маматазиз Бизруков кечээ түндө каза тапкан. “Акыйкаттык, чындык” укук коргоо уюмунун жетекчиси Равшан Гапиров маркумга сурак маалында кыйноолор болгондугун айтып чыкты.

Бизруков былтыркы июнь окуяларындагы адам өлтүрүү, талап тоноо айыптары боюнча шектелип жатканы маалым болду.

Укук коргоо органдары Маматазиз Бизруковдун денесинде зомбулуктун белгилери жок экендигин далил кармап, ал жүрөк оорусу кармап, инфаркттан каза тапканын айтууда.

Маркумдун сөөгү бүгүн жерге берилип, жакындары дубандагы кабарчыбызга окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.(ЕК)

XS
SM
MD
LG