Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Президенттикке ат салышчу төрт талапкер митингге чыкты


Президенттик шайлоого катышууну каалап, БШКга арыз берген төрт жаран бүгүн Бишкектеги Ак үйдүн алдына нааразылык акциясына чыгышты. Президенттикке талапкерлигин коюп жаткан Дамира Токтосунованын “Азаттыкка” билдиришинче, чогулгандар шайлоого катышуу үчүн 100 миң сом күрөө төлөп, 30 миң адамдын колун топтоого каршы чыгууда. Алар бул жобону алып салуу талабын президент, Жогорку Кеңешке билдиришүүдө.

Шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык, президенттик шайлоого катышууну каалаган адам 100 миң сом күрөөнү БШКнын атайын эсебине бөлүп, 30 миң адамдын колун топтогондон кийин жана мамлекеттик тил сынагынан өткөндөн соң гана талапкер катары каттоодон өтөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG