Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:00

БШКга күрөө төккөн талапкерлердин саны 18ге жетти


5-сентябрга карата 18 талапкер 100 миң сомдук күрөөнү БШКнын эсебине которду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Боршайком мүчөсү Алмаз Асаналиев билдирди. Күрөө төккөн талапкерлер эми 30 миң адамдын колун топтоп, мамлекеттик тил сынагынан өтүүгө тийиш. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тили боюнча сынак 7-сентябрда башталары күтүлүүдө.

Буга чейин маалым болгондой, 100 миң сомдук күрөөнү төкпөгөндөр мамлекеттик тил сынагына кире албайт. Натыйжада талапкер катары каттоодон өтпөйт.

Бүгүн президенттикке ат салышам деген төрт талапкер күрөө төгүү жана кол топтоо боюнча жобону алып салуу талабы менен митингге чыгышты.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда өтөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG