Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Бишкекте беларус укук коргоочусун колдоп чыгышты


Бишкектеги Беларус элчилигинин алдында беларус укук коргоочусу Алесь Беляцкиди колдогон акция өтүүдө. Окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, ага Кыргызстандагы “Жарандар коррупцияга каршы” жана “Эркиндик үнү” укук коргоо борборлорунун онго жакын укук коргоочулары катышып, “Алеске азаттык!” деген плакаттарды көтөрүп турушат. Жергиликтүү укук коргоочулар Алесь Беляцкий негизсиз кармалып жатканын айыпташууда. Чогулгандарга элчиликтин өкүлдөрү чыгышып, атайын дайындалган кайрылууну кабыл алышты.

Беларустагы “Жаз” укук коргоо борборунун жетекчиси, Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын вице-президенти Алесь Беляцкий августтун башында камакка алынган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG