Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Талапкерлердин тил сынагынын тартиби бекитилди


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү отурумунда президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тил сынагынан өтүү тартибин бекитти. БШК мүчөсү Канат Абдукадыровдун “Азаттыкка” билдиришинче, ага ылайык, тил сынагы 7-сентябрдан баштап шаршемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүлүп, күндүзгү саат 10дон 5ке чейин созулуп турат. Ар күнү бештен талапкерди комиссия сынактан өткөрүп, анын жүрүшү мамлекеттик телеканалдардын биринен көрсөтүлүп турмакчы. Сынак 24-сентябрда аяктоого тийиш. БШКга 100 миң сомдук күрөөнү төлөбөгөн талапкерлер кыргыз тили боюнча сынакка киргизилбейт. (KKs)

XS
SM
MD
LG