Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:02

Темир Сариев 7-апрель окуясы боюнча сотто көрсөтмө берди


Убактылуу өкмөттүн мурунку мүчөсү Темир Сариев бүгүн 7-апрель окуясы боюнча сотто күбө катары көрсөтмө берди. Сариевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ал сотто 4 жарым саат суроолорго жооп берип, 7-апрель күнү Иса Өмүркулов менен бирге Ак үйгө сүйлөшүүгө кирип чыкканын айтып, анда демонстранттарга ок атпоо, оппозиция лидерлерин чыгаруу талаптары коюлганын айткан.

Сариев бүгүнкү көрсөтмөсүндө эгер ошол убактагы бийлик оппозиция лидерлерин 6-апрелде камабаганда 7-апрель окуясы болмок эмес деп, ал окуяларга жоопкерчиликти бакиевчил күчтөргө артты.

Темир Сариев 2010-жылы 7-апрелде Өкмөт үйүнө бир нече жолу кирип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, ошол күнү Ак үйдүн алдында тынчтык митинги болгонун, сотто мына ушулар тууралуу чындыкты айтканын кошумчалады.

“Ак шумкар” саясий партиясынын лидери Темир Сариев мурунку бийликтин тушунда оппозицияда болгон. (ЕК)

XS
SM
MD
LG