Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Кеңештиктер милиция менен сотко ишенбейт


Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кеңеш айылынын тургундары мал уурулук менен күрөшүүнү өз колдоруна алмай болуп жатышат деп кабарлайт "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Аксакалдардын демилгеси менен уюштурулган жыйында кимде ким мал уурдап, кылмыш жасаган жеринен кармалса, күч органдарына кайрылбастан, атайын коомдук комиссия түзүп өндүрүп алуу чечими кабыл алынды. Аталган жыйынга айыл өкмөтү да, жергиликтүү депутаттар да катышканы кабарланууда. Алты кой уурдап бараткан жеринен кеңештиктер ууруну колго түшүрүшкөн. Бирок, кийин аны сот тил кат алып, кое берген. Соңку бир жылда Кеңеш айылында мал уурдоо өзгөчө күч алып, жүздөн ашык кой-эчки, 15-20 бодо мал жоголгон. Ууру өзүбүздөн эле чыгып жатат дешет аталган айылдын тургундары.

XS
SM
MD
LG