Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Өмүркулов: 7-апрелде эски бийлик чагымга барган


7-апрелде "Форумдун" алдында өтүп жаткан тынч митингге курал-жарак алып келип, эски бийлик чагымчыл аракет жасаган. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин мэри Иса Өмүркулов апрель окуясы боюнча сотто күбө катары көрсөтмө берип жатып билдирди.

Ошол кездеги оппозициялык күчтөрдүн алдыңкы катарында турган Иса Өмүркулов Чүй облусунун тургундарын Токмоктон Бишкекти көздөй жүрүшүн уюштурууга жооптуу болгонун айтты. Бирок 6-апрелде ал атайын кызматтар тарабынан кармалып, түнү бою суракта болгон.

2011-жылдын 7-апрелинде Өкмөт үйүнүн алдында 90го жакын адамдын набыт болгону үчүн 28 адам соттолуп жатат. Алардын арасында издөөдө жүргөн экс-президент Курманбек Бакиев да бар. Бакиев бул окуя боюнча күнөөсү жок экендигин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG