Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Адахан Мадумаров суракка тартылат


Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу иш боюнча "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров сурак берет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев тастыктады.

Ал кезде Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматында турган. Бул иш боюнча экс-башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев жана мурдагы Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев суракка чакырылышат.

14-сентябрда ИИМ Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу 16 адам кармалганын, алардын бирөө генерал экенин маалымдаган.

Президенттик администрациянын жетекчиси кызматынан 2009-жылдын башында кеткен Медет Садыркуловдун сөөгү ошол эле жылы март айында Кой-Таш айылынын жанында күйүп кеткен автомашинанын ичинен табылган. Аны менен кошо ошол эле жерде Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы жетекчиси Сергей Слепченконун жана айдоочу Кубат Сулаймановдун да сөөктөрү табылган. Апрель айындагы бийлик алмашууга чейин бул фактыны күч органдары катардагы автокырсык деп атап келишкен болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG