Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Казакстандан 300 млн. куб.метр газ алуу каралып жатат


Казакстандан Кыргызстанга келерки жылдын апрель айына чейин 300 млн. куб.метр газ алуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызгаз” ишканасынан маалымдашты. Ал газдын баасы азырынча белгисиз.

Кыргыз-казак өкмөт башчыларынын 16-сентябрда Бишкекте өткөн сүйлөшүүлөрүндө Кыргызстан казак тараптан газ алат деген келишим кабыл алынган. “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев Бухара-Ташкент-Бишкек-Алматы түтүгүндөгү газ жөнүндө кеп болгонун тастыктап, бул боюнча эки тарап келишимдин үстүндө иштеп жатканын белгиледи.

Кулмурзаевдин айтымында, Ташкент газга бааны өтө жогору коюп жаткандыктан Кыргызстан ушундай кадамга барууга аргасыз болууда. Азыркы мезгилде Кыргызстан "Узтрансгаздан" бир миң куб. метр газды 278 доллардан сатып алып жатат. Быйылкы жылы ала турган 200 млн. куб. метр газ түгөнүп баратат. (AiT/RK)

XS
SM
MD
LG