Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Павлюк менен Садыркуловдун өлүмү байланышта деген ой айтылды


Журналист Геннадий Павлюктун өлүмү менен президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү түздөн-түз байланышта. Мындай оюн бүгүн парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева билдирди. Ал Кыргызстандын укук коргоо органдарынан Павлюктун өлүмү боюнча кылмыш иши кандай жүрүп жатканы, күнөөлүүлөр качан аныкталып жазасын алаары боюнча маалымат берүүнү талап кылды.

Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча сот Алматыда жүрүп жатат. Ал эс учун жоготкон абалда 2009-жылдын декабр айында Алматы шаарында табылып,ооруканада жатып көз жумган. Бул кылмышка шектүү деп айыпталып жаткандар үчөө. Алардын бири - Кыргызстандын жараны, УККнын мурдагы офицери Алдаяр Исманкулов.

Медет Садыркуловдун күйүп кеткен сөөгү 2009-жылы март айында Бишкектин четинде табылган. Мурда ал жол кырсыгына кабылып өлдү деп айтылып келсе, учурда Садыркулов мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевдин буюртмасы менен өлтүрүлгөн деген версияны милиция расмий айтып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG