Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

Базар-Коргондо камалган милиция тарапкерлери митинг өткөрүштү


Орусиянын жаранынын өлүмүнө шектүү деп камакка алынган төрт милиция кызматкеринин жүзгө жакын тууганы жана тарапкери бүгүн Базар-Коргон районунда, Бишкек-Ош жолунун боюнда митинг өткөрүштү. "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысынын маалымдашынча, алар учурда Сокулук районунда абакта жаткан жалалабаддык төрт милиционерди бошотуу, аларды окуя болду деген Базар-Коргон районуна же Жалал-Абад шаарына алып келип соттоо талаптарын коюшту. Камакка алынган милициялардын энелери алардын өлгөн адамга тиешеси жоктугун жана милиция саясаттын курмандыгы болгондугун белгилешти. Сокулукта 5-октябрда өткөн сот аларды үй абагына чыгаруу талабын орундаткан эмес. Эмки сот иши 19-октябрга белгиленген.

9-августта Базар-Коргондо Орусия жараны Усманжан Холмирзаевдин сабалып, набыт болушу боюнча 4 милиционерге карата кылмыш иши козголгон. Учурда алар Чүйдүн Сокулук районунда тергөө абагында жатышат. 7-августта Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Усманжан Холмирзаевди июнь коогалаңы боюнча суракка алып келишкен. Сурактан Холмирзаев үйүнө кечки сегиздер чамасында келип, милиция кызматкерлери аны ур-токмокко алганын айткан. Эртеси күнү ал ооруканага жеткирилип, 9-августта каза тапкан. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG