Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Көлбаев Кыргызстанга кайтып келатат


Кыргызстан кылмышкер катары издөө салган Камчы Көлбаев үй-бүлөсү менен чогуу 8-октябрда эртең менен Дубайдан Кыргызстанга келет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Көлбаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди. Анын айтымында, Камчы Көлбаев өзү ага карата кыргыз милициясы тарабынан уюшкан кылмыштуу топ түзгөн деген айыптоосу боюнча кабардар. Бул жактан ал камакка алынышы мүмкүн экенин билет жана өзүнө карата айыптоолор боюнча суроолорго жооп берүүгө даяр.

Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаевдин "Азаттыкка" маалымдашынча, Камчы Көлбаев өзүнүн эрки менен колго түшүп берүү максатында эмес, Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги тарабынан депортацияланат. Ал Кыргызстанга келип түшөөрү менен камакка алынып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлөт.

Июль айында Камчы Көлбаев жана анын кылмыштуу тобунун мүчөлөрү деп шектелген Алманбет Анапияев менен Адилет Касенов Абу-Даби шаарында дүкөн тоноо боюнча кылмышка шектелип кармалышкан. Бирок кийин кайра бошотулушкан. АКШ президенти Барак Обама Көлбаевди дүйнөдөгү кооптуу ири наркобарондордун "кара тизмесине" киргизген. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG