Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Каптагаев: Бакиевдердин "кара батальону" бар болчу


Бакиевдердин каршылаштарын өлтүрүү боюнча "кара батальон" бар болчу. Ал Улуттук коопсуздук кызматынын алдында ачылган. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев Бишкекте өтүп жаткан апрель окуясы боюнча сотто айтты. Ал күбө катары көрсөтмө берди. Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин айтымында, Каптагаев 2010-жылдын 6-апрелинде оппозиция мүчөлөрү "Форумдун" алдына тынч чогулгандары, Өкмөт үйү көздөй баруу планы болбогону тууралуу айтты. Анын оюнча, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун, аны менен кошо Сергей Слепченко, Кубат Сулаймановдун жана журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө түздөн-түз мурдагы президент Курманбек Бакиев күнөөлүү. Судья Дамир Оңолбековдун төрагалыгы астында өтүп жаткан сот процессинде 7-апрелде Бишкекте 90го жакын адамдын өлтүрүлүшү боюнча экс-президент Курманбек Бакиев баш болгон мурдагы аткаминерлер жана аскер кызматкерлери соттолууда. 28 соттолуучунун алтоо, анын арасында Бакиевдер, эл аралык издөөдө.Соттолуучулар аларга коюлуп жаткан күнөөлөр негизсиз экенин айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG