Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Президенттикке тапакерлердин теледебаты башталат


Борбордук шайлоо комиссиясынын календарлык планына ылайык, 17-октябрдан тартып президенттикке талапкерлердин бири-бири менен теледебаты башталат. Ал Коомдук телерадио корпорация аркылуу коомчулукка түз көрсөтүлүп турат. БШК мүчөсү Жаркын Бапанованын “Азаттыкка” ырасташынча, бүгүн алгачкы теледебатка талапкерлер Марат Иманкулов, Сооронбай Дыйканов жана Адахан Мадумаров чыгышат.

18-октябрда президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев, Турсунбай Бакир уулу жана Алмазбек Каримовдун теледебаты өтөт. Талапкерлердин теледебатка катышуу тартиби БШКнын отурумунда чүчүкулак кармоо жолу менен аныкталган. Телетаймаш 27-октябрга чейин уланат.

Президенттик шайлоого 19 талапкер ат салышууда. Шайлоо 30-октябрга белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG