Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

БШК төрт талапкерге эскертүү берди


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн президенттикке ат салышып жаткан 4 талапкерге эскертүү берди. Акбаралы Айтикеев, Кубанычбек Исабеков, Төрөбай Колубаев жана Алмамбет Матубраимов өзүлөрүнүн шайлоо фондундагы каражаты боюнча кезектеги каржылык отчетун БШКга беришкен эмес.

Буга чейин дагы бир эскертүү аталган талапкерлердин өкүлдөрүнө айтылганын БШК кабарлайт.

Мыйзам боюнча, талапкерлердин шайлоо фондунда 50 миллион сомдон ашпаган каражат болушу керек. Акчанын кандай максатта коротулуп жатканы боюнча расмий документтерди талапкерлер БШКга отчет түрүндө берип турууга милдеттүү.

Эскертүү алган талапкерлердин бири - Алмамбет Матубраимов шайлоого катышпай турганын бүгүн "Азаттыкка" билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG