Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Атамбаев АКШ базасынын Кыргызстанда болушуна каршы


Кыргызстанда аскерий базанын турушу кооптуу жагдайды жаратат. Мындай пикирин бүгүн президенттикке талапкерлердин арасынан алдыга чыккан Алмазбек Атамбаев "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Атамбаев "Манас" аскерий эмес, жарандык аба майданы болушун каалайт.
Муну Ирак согушу менен байланыштырып, АКШ менен Иран ортосунда согуш болбойт дегенге да кепилдик жогун билдирди. "Бир күнү жооп катары бир ракета жөнөтүп койсо, база эмес, Бишкек жок болот да" деди Атамбаев.
Ооганстандагы аскерий операцияларга байланыштуу антитеррордук коалициянын алкагында жайгаштырылган АКШнын Транзиттик базасынын Кыргызстандагы контракт мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. (BuS)

XS
SM
MD
LG