Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

Мэрдин уулунун соту кийинкиге жылды


Токмок шаардык соту бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркуловдун ишин териштирүүнү кийинкиге калтырды. Ага айыпталуучунун ден соолугу боюнча адвокатынын өтүнүчү себеп болду. Сот адвокаттын өтүнүчүн канааттандырып, процессти 15-ноябрга жылдырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

Ушул жылдын август айында Токмоктун четиндеги жол кырсыгында үч адам набыт болгон. Тергөө учурунда кырсыкта мэрдин уулунун күнөөсү бар экени аныкталып, айып тагылган. Үй камагына чыгарылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG