Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

“Азаттыкка” чыгаар замат ВИЧке кабылгандарга жардам келди


15-ноябрда “Азаттык” үналгысы ВИЧ инфекциясына кабылган наристелер жана энелердин абалы тууралуу түз ободо талкуу уюштурду. Ага 2007-жылы дарыгерлердин шалаакылыгынан улам наристелери ВИЧ инфекциясына кабылган энелер, Калкты социалдык жактан коргоо министринин орун басары Гүлнара Дербишева жана Республикалык СПИД борборунун жетекчи орун басары Айгүл Исмаилова катышты.

Берүүнүн акырында Калкты социалдык жактан коргоо министри Айгүл Рыскулованын демилгеси менен жардамга муктаж 12 эне, 9 наристеге он миң сомдук жардам көрсөтүлдү.

Буга чейин Ош шаарында митинг өткөргөн энелер бүгүн Бишкек шаарына келип, жатууга жайлары жок болчу. Республикалык СПИД борборунун өкүлү да миң сомдук жардам көрсөттү. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG