Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Мэр Өмүркуловдун уулу анын сотуна журналисттер катышпасын деди


Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркулов ал соттолуп жаткан жараянга журналисттердин катышуусуна тыюу салышын судьядан суранды. Судья Алмаз Калпаев анын бул өтүнүчүн канааттандырганын бүгүн Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев "Азаттыкка" билдирди.

Мэрдин уулу журналисттердин сотко катышуусу анын кызыкчылыктарынын корголушуна психологиялык басым жасоодо деп эсептейт. Массалык маалымат каражаттары соттошуп жаткан тараптардын жарыш сөзүнө жана чечим угузулганда гана катыша алышат. Судьянын бул чечимине макул болбогондор облустук сотко арыз менен кайрыла алышат. Соттун кийинки отуруму 22-ноябра өтөт.

Чүй облусунун Токмок шаардык сотунда быйылкы агустта Ысык-Көлдөн келаткан унаа жолунда болгон автокырсык териштирилип жатат. Анда үч адамдын жаны кыйылган. Иликтөө учурунда Азамат Өмүркулов күнөөлүү экени далилденген. Өлгөн үч адамдын экөөнүн жакындары ага дообуз жок деп арыздарын жазып беришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG