Ушу тапта Жогорку Кеңештин имаратынын алдында дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ илдетине чалдыккан балдардын энелери митинг өткөрүүдө. Он чакты эне балдары менен чогуу турушат. Алар 2007-жылы Ош облусунда бир сыйра сайылуучу шприц менен ондогон балага ВИЧти жугузган медицина кызматкерлеринин жазага тартууну, балдарга бул дарттын жугуу окуяларына бөгөт коюуну, балдарга берилүүчү 3 миң сомдук жөлөкпулду кескин көтөрүүнү жана Ошто курулуп жаткан жаңы үйлөрдөн ар бир балага бирден батир берүүнү жана 1 миллион сомдон бөлүп берүүнү талап кылып жатышат. Бул талаптар аткарылмайын кетпей турганын эскертишти.
Республикалык СПИД борборунун маалымдашынча, Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы менен жашап жүргөн балдардын расмий саны эки жүздүн тегерегинде. (MiT/RK)
Республикалык СПИД борборунун маалымдашынча, Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы менен жашап жүргөн балдардын расмий саны эки жүздүн тегерегинде. (MiT/RK)