Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Төраганын 1,5 миллион сому кимге берилээри чечиле элек


Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун төрагалык фондунан ВИЧке чалдыккан балдарга деп убадаланган 1,5 миллион сом кандайча бөлүштүрүлөөрү азырынча белгисиз.

Дарыгерлердин шалаакылыгынан балдарына ВИЧ инфекциясы жуккан 12 эне 8 баласын алып Оштон Бишкекке келген. 16-ноябрдан бери парламент алдына чыгып жатышат. 17-ноябрда аларды Келдибеков кабыл алып, 1 миллион сом убада кылган. Кийин бул сумма 1,5 миллион экени айтылды.

12 эне бул акча бардыгын тобокелге салып, митинг уюштуруп жаткан ушул топко, 12 балага гана берилиши керек деп талап кылышууда. Бирок аны ВИЧ жуккан бардык 200дөй балага бөлүп берүү маселеси да каралып жатканы белгилүү болду.

Депутат Дамира Ниязалиева 1,5 миллион сом Оштогу СПИД борборуна берилээрин, 287 балага 5 300 сомдон тийээрин айтканын митингчи энелер "Азаттыкка" билдиришти.

Бирок Жогорку Кеңештен бул маалыматты тактаганыбызда, маселе чечиле электигин, эртең түштөн кийин талкууланаарын айтышты.

12 эненин талаптары - 2007-жылы Ош облусунда бир сыйра сайылуучу ийне менен ондогон балага ВИЧти жугузган медицина кызматкерлерин жазага тартуу, мындан ары бул өңдүү окуяларды болтурбоо, балдарга берилүүчү 3 миң сомдук жөлөкпулду кескин көтөрүү, Ошто курулуп жаткан жаңы үйлөрдөн ар бир балага бирден батир берүү, компенсация катары 1 миллион сомдон бөлүп берүү. (RK)

XS
SM
MD
LG