Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:18

Парламент ВИЧ жуккан балдардын жагдайын талкуулайт


Жогорку Кеңеш 25-ноябрда ВИЧ жуктуруп алган балдарга көрсөтүлгөн жардамдар туурасында өкмөттүн маалыматын угат. Бул чечим төрага Акматбек Келдибеков башында турган Жогорку Кеңештин координациялык кеңешинде кабыл алынганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Ал эми дарыгерлердин шалаакылыгынан балдарына ВИЧ инфекциясы жуккан 12 эне парламент жыйынына катышуу талабын билдиришүүдө.

Кечээ ушул эле маселени ЖКнын Саламаттыкты сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция комитети жабык эшик артында караган.

Оштон 8 баласын кошо ала келген 12 эне 14-ноябрдан бери Бишкекте митинг өткөрүп жатышат. Алар 2007-жылы Ош облусунда бир сыйра сайылуучу ийне менен ондогон балага ВИЧти жугузган медицина кызматкерлерин жазага тартууну, мындан ары бул өңдүү окуяларды болтурбоо, балдарга берилүүчү 3 миң сомдук жөлөкпулду кескин көтөрүү, Ошто курулуп жаткан жаңы үйлөрдөн ар бир балага бирден батир берүү, компенсация катары 1 миллион сомдон бөлүп берүү талабын айтышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG