Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:59

Базар-Коргондо тосулган жол ачылды


Июнь окуясында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановдун жакындары Бишкек-Ош жолун тосууну токтотушту. “Азаттыктын” кабарчысы Ырысбай Абдраимовдун билдиришинче, жол тоскондор менен Жалал-Абаддын губернаторунун орун басары Кадырбек Жакыпов сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бүгүн саат он бирден тарта жол тоскондор маркум Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө жана массалык башаламандыктарга, улуттар аралык араздашууга тиешелүү деп түрдүү мөөнөттөргө эркинен ажыратылган, өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган сегиз адамга карата Базар-Коргон райондук жана Жалал-Абад облустук сот өкүмдөрүн күчүндө калтыруу талабы коюшкан. Аскаров өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экендигин билдирип келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG