Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:13

Парламент спикердин маселесин караганы жатат


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Ахматбек Келдибековго коюлуп жаткан дооматтарды териштирген депутаттык комиссия маалымат берет. Комиссия буга чейин Келдибековдун маселеси боюнча тиешелүү күбөлөрдү суракка алган болчу. 30-ноябрда “Ата Мекен” фракциясы "Келдибеков кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен байланышкан", "мамлекеттик кызматкердин этикасын бузган", "KG номурларды туш келди тараткан" деген өндүү 15 пункттан турган айып коюп, ага ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. Бул сунуш өткөн аптада парламенттин күн тартибине киргизилип, дооматтарды териштирүүчү атайын комиссия түзүлгөн. Келдибеков болсо өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып, алар негизсиз экенин белгилеп келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG