Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Келдибековдун тарапкерлери Гүлчөгө кире бериштеги жолду буушту


Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун тарапкерлери Ош - Эркеч-Там жолунун Гүлчө айылына кире беришиндеги бөлүгүн буушту. Ал жерде нааразылык акциясына жүздөй адам чогулганын "Азаттыкка" митингдин катышуучу Замир Исраилов билдирди.

Алай районунун акиминин орун басары Мамашарип Мусаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, жол кечээ кечкурун саат бештер чамасында да буулган. Кеминде 50 чамалуу адам Келдибековдун кызматта калышын, ага карата каралоонун токтошун талап кылышып, жолду түн жарымына чукул кайра ачышкан.

Ахматбек Келдибековду колдогон нааразылык акциясы бүгүн Ош шаарында да өтүүдө.

Бүгүн парламентте спикер Ахматбек Келдибековдун дарегине айтылып жаткан дооматтарды териштирген депутаттык комиссия маалымат берет. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG