Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Аксуубай Атабаевдин тажыясы өттү


12-декабрда Кыргыз эл артисти, белгилүү обончу, ырчы Аксуубай Атабаев 68 жаш курагында жүрөк оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Аны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү бүгүн Улуттук опера жана балет театрында өттү. Ага вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ибрагим Жунусов, маданият жана искусство ишмерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Маркумдун сөөгү шаршемби күнү кичи мекени көлдүн Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айылында жерге берилет. Атабаев эки жүзгө жакын обондун автору болгон. “Чагылган”, “Он сегиз жаш”, “Эне жөнүндө баллада”, "Тоолор”, “Таалайбек” сыяктуу ырларга жазылган обондору классикага айланган. (AJ/RK)

XS
SM
MD
LG