Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Сотто Суталиновду үй камагына чыгаруу өтүнүчү айтылды


Апрель окуялары боюнча бүгүнкү соттук териштирүүдө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку төрагасы Мурат Суталиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчүн анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев келтирди. Кабарчыбыздын маалымдашынча, адвокат Суталиновдун сотко өз эрки менен келгенин, өлкөгө сиңирген эмгегин эске алууну жүйөө кылды. Судья өтүнүчтү кароо үчүн тыныгууга чыгып кетти.

Издөөдө жүргөн Суталинов бүгүн сотко келип, камакка алынды. Күбө катары көрсөтмө берип жаткан акыйкатчы Турсунбек Акунга атайын кызматтын мурунку башчысы суроо узатаарда жабырлануучулардын жаалына калып, уруш чыгып кетти. (EBM)

XS
SM
MD
LG