Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

№21 тергөө абагынын алдында митинг өтүп жатат


Кабарчыбыз Бакыт Асановдун билдиришинче, Бишкектеги №21 тергөө абагынын алдында айыпталуучулардын 30дан ашуун жакындары нааразылык акцияга чыкты. Алар өлкө жетекчилеринен абактагылардын талаптарын эртерээк аткарууну суранышууда. Ошондой эле камалгандардын арасында ак жеринен кесилип кеткендер бар экенин, кайрадан ишин сотко өткөрүүнү, кыйноолорду токтотууну талап кылышууда. Митингге чыккандарга түрмө жетекчилери чыгып жолуга элек.

Кыргызстандагы 7 абакта кармоо шарттарын жана тамак-ашты жакшыртууну талап кылып, 13-декабрдан бери ачкачылык акциясы өтүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG