Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Аскаровдун адвокаты эл аралык сотко кайрылат


Өмүр боюнча эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокатынын бири Кайрат Загибаев Жогорку Соттун чечимине макул эместигин “Азаттыкка” билдирип, жактоочулар эл аралык сотко кайрылууну көздөп жатканын кабарлады. Ишти адилет караганга соттун эрки жеткен жок деп белгиледи адвокат. Кечээ Жогорку Сот июнь окуясы боюнча айыпталган Азимжан Аскаров баштаган сегиз адамдын ишин карап буга чейинки соттук инстанциялардын өкүмүн күчүндө калтырды. Бир гана мурда 20 жылга соттолгон Минура Мамадалиеванын жаза мөөнөтү 11 жылга кыскартылды. Азимжан Аскаров өзүнө коюлган айыптарды чет кагып келатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG