Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Аскаровдун адвокаты аны ачкачылыктан баш тартууга чакырат


Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов “Азаттыкка” билдиришинче, Азимжан Аскаров ачкачылык жарыялайт деп укук коргоочу Төлөкан Исмалилова эрте айтып жиберген. “Аскаров ачкачылык кармаса аны азыр бийлик укпайт, ал өлүп калат. Эми Төлөкан Исмаилова жарыялап салгандан кийин ал баштоого аргасыз болот. Жогорку Сот калыс чечим чыгара албасын билип, биз ишти тездетпөөгө аракет кылдык. Төлөкан Исмаилова өз аракети менен өкүм тез чыгып калышына себепкер болду ”, - деди Нурбек Токтакунов. Ал Азимжан Аскаров менен тыгыз байланышта иштеп жатканын айтып, ага карата укук коргоочу Төлөкан Исмаилованын дооматтары суу кечпей турганын билдирди.

Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” Нурбек Токтакунов Азимжан Аскаров менен жолукпаганын, аны жакшы коргой албагандыгын билдирди. Анын айтымында, Азимжан Аскаров ЕККУнун өкүлү аркылуу коомчулукка кайрылуусун жолдоп, анда сот чечими менен макул эместигин айтып, ачкачылык кармашы мүмкүндүгүн билдирген. Бул кайрылууну жашырып коюу акылга сыйбаган иш деп баалады укук коргоочу Төлөкан Исмаилова. (AzK)

XS
SM
MD
LG