Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:30

Акмат Бакиев жатак абакка чыкты


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиев жатак абакка чыгарылганын "Азаттыкка" Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Жолдошбек Бузурманкулов билдирди. Анын айтымында, 4-январдан тарта ал жатак абактын карантин бөлүгүндө 10 күн өткөрөт. Андан кийин жумуш таап, иштеп, маянасынын бир бөлүгүн абакка которуп турушу керек болот.

"Акмат Бакиев Бишкектин эски жайма базары жакта жайгашкан №35 жатак абакка чыкты. Ал жумасына бир жолу келип каттоодон өтүп турушу керек", - деди Бузурманкулов.

Мыйзам боюнча абак эрежелерин бузбай жазасын өтөгөндөргө жеңилдик катары жаза мөөнөтүнүн үчтөн бирин темир тор артында эмес, жатак абакта өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралган.

2010-жылдын апрелинде өлкөдөн аргасыз качкан мурдагы президенттин иниси Акмат Бакиев ошол жылдын май айында тополоң уюштурган, улут аралык араздашууну көкүткөн, курал жаракты мыйзамсыз алып жүргөн, тоногон жана жерлерди мыйзамсыз басып алган деген айыптоолор боюнча Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 7 жылга кесилген. Ал өзү жана анын адвокаттары бул айыптоолордун баары негизсиз экенин айтып келишет. Акмат Бакиев жазасын Бишкектеги №47 түрмөдө өтөп жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG