Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

С. Мамбеталиев алдыңкы журналисттерге өзүнүн сыйлыгын тапшырды


Кыргызстан журналисттер кошунун Сулайман Мамбеталиев атындагы сыйлыгы бүгүн Нарын облустук «Теңир Тоо» гезитинин кабарчысы Жусуп Акиевге берилди. “Naryn.kg” маалымат борбордо болуп өткөн аземде 3 000 сом өлчөмүндөгү сыйлыкты тапшырып жатып, 83 жаштагы ардагер журналист Сулайман Мамбеталиев журналисттерге колдоо, көмөк көрсөтүү керектигин баса белгиледи. Ушул эле сыйлык «Азаттык» үналгысынын кабарчысы, Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевге дагы ыйгарылды. Ал эми сыйлык алган журналист Жусуп Акиев сыйлык ээсин чыгармачылык жактан гана эмес, турмуштук негизде дагы насаатчы болгондугун белгиледи. С. Мамбеталиев атындагы сыйлык 1998-жылы негизделген. 11 жыл аралыгында бул сыйлык жергиликтүү 14 журналистке берилген экен. (KUs)

XS
SM
MD
LG