Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

УКМК Жеңишбек Бабараимовдун жакындарына көңүл айтты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 5-январда террорчу деп шектелгендерге каршы жүргүзүлгөн атайын операцияда набыт болгон лейтенант Жеңишбек Бабараимовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айткан билдирүү таратты. Билдирүүдө Ж. Бабараимовдун аскердик милдетти аткарып жаткан учурда набыт болгону баса белгиленип, анын эрдиги үлгү болору айтылган.

Буга чейин Жеңишбек Бабараимовдун атайын даярдыктагы “Альфа” тобунун мүчөсү экендиги, "7-апрелде демонстранттарга ок аткан" деген айып менен суракка тартылганы маалым болгон. Анын сөөгү 5-январда Ош шаарына коюлду. Шаар бийликтери Бабараимовдун ысымын калаадагы бир көчөгө ыйгарууну, анын үй-бүлөсүнө батир берүүнү убада кылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG