Шаршемби, Июнь 19, 2013 Бишкек убакыты: 18:19

Жаңылыктар

Депутаттын камалган уулуна байланыштуу пикет өтүүдө

Текст көлөмү - +
17.09.2012
Ушу тапта Жогорку Кеңештин алдында 20 чакты адам чогулуп турат. Кабарчыбыздын айтымында, алар Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбековдун “өзгөчө ири өлчөмдө көз боёмочулук кылган” деген шек менен кармалган уулу Элдар Мадылбековдун ишине эч ким кийлигишпөөсүн талап кылып жатат.

"Кылмышка шектүү деп кармалгандар үчүн кепилдик берип чыгарып кеткенин депутаттар токтосун", - деген сөздөр айтылууда.

Чогулгандар өзүлөрүн "Каркыра" коомдук кыймылы деп тааныштырды.

Баш прокуратуранын билдиргенине караганда, 15-сентябрда “өзгөчө ири өлчөмдө көз боёмочулук кылган” деген шек менен Бишкек шаардык прокуратура бөлүмүнүн прокурору Элдар Мадылбеков камакка алынды. Ал учурда шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында отурат. Мындан аркы баш коргоо чарасы кандай болоору саат экиде сотто чечилет.

Маалым болгондой, буга чейин Башкы прокуратура 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан кийин мурдагы президент Бакиевдин үй-бүлөсүнө жана анын жакындарына таандык адамдардын мүлкүн мыйзамсыз басып алуу факты боюнча Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) жана 166-беренеси (көз боёмочулук) боюнча кылмыш иш козгогон.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, прокурор Элдар Мадылбеков мына ушул иштин алкагында камакка алынды.

“Мадылбековдун мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 2 млн. доллар же 94 млн. сом өлчөмүндө зыян келтирилди” деп маалымдайт Башкы прокуратура.

"Азаттык" Туратбек Мадылбеков менен байланышканда, ал уулуна коюлуп жаткан бардык айыптарды четке кагып, муну "атайын буйрутма иш" катары баалады.

Баш прокуратура бүгүн Бакиевдердин мүлкүнүн тартылып алынышына байланыштуу дагы башка шектүүлөр боюнча маалымат бермей болууда. (ZB/RK)
17 Сентябрь 2012
17 Сентябрь 2012

Ай, жыл тизими

Онлайн шерине

Сиздин пикир

Сот үч депутатты актады

Соңку пикирлер: (161 - жалпы саны)

Berdikul: Урматтуу Эже! Биз уялбайбыз. Бидин менталитет менен силердики ат менен тоодой. Бизде озун ... Толук

Депутаттар соту: Прокуратура Жогорку Сотко арызданат

Соңку пикирлер: (60 - жалпы саны)

АЯН: Баракелде туура айтасын.дагы бир нерсе 7-апрелге кандай берене берилет убактылуу окмотко????????? Толук

Депутаттар соту: өкүмгө нааразылык

Соңку пикирлер: (18 - жалпы саны)

рус: ЭЭ бул мекен шейиттери кечээ эле госкомгеологиянын ичинде журот эленер го ар кимге ... Толук