Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

АКШдагы президенттик шайлоого ЕККУнун байкоочулары да көз салышууда


Жоао Соарес - ЕККУнун АКШдагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын башчысы, 6-ноябрь, 2012
Жоао Соарес - ЕККУнун АКШдагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын башчысы, 6-ноябрь, 2012
Кошмо Штаттарында ушул сааттарда президенттик шайлоонун жүрүшүнө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочулары да көз салып турушат. ЕККУнун парламенттик миссиясынын башчысы Жоао Соарес Вашингтондогу шайлоо бекетинен “Азаттыктын” кабарчысына билдиргендей, аталган уюм АКШда президенттикке талапкерлер Барак Обама жана Митт Ромнинин жеңишке шансы бирдей деп эсептелген айтылуу “оома" штаттарга 100 адамдан турган байкоочулар тобун жайгаштырган. Ошол эле маалда шайлоого ЕККУнун Адам укуктары боюнча мекемеси кошумча 50 байкоочуну катыштырууда.

Соарес “ЕККУда эч кандай кош стандарттар жок экенин, уюм постсоветтик өлкөлөрдөгү шайлоолорго кандай байкоо жүргүзсө, АКШдагы шайлоого да ошондой эле мамиле кылаарын байкоочуларынын иши көрсөтүп турганын” айтты. Уюм добуш берүүнүн жүрүшүнө карата өзүнүн тыянагын ушул аптанын этегинде чыгарышы керек.

XS
SM
MD
LG